super.kg logo

Бостеридеги жигиттин өлүмү: Сот күнөөлүүлөргө карата чечим чыгарды

 

Ысык-Көл райондук соту 2023-жылдын жай айында Бостериде сабалып каза болгон 23 жаштагы жигиттин кылмыш ишин кароону аяктап, сотко төрагалык кылуучу өкүмдү жарыялады.

Бул факты боюнча төрт адам кармалган.

Сот иштин бардык жагдайларын карап чыгып, кармалган төртөөнү тең күнөөлүү деп таап, төртөөнү тең 15 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айткан.

Ал эми милиция алгачкы кароодо каза тапкан жигиттин денесинен эч кандай ур-токмоктун белгилери байкалбаганын маалымдаган. Аталган окуя коомчулукта чуу жаратып, ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: