Азия кубогу: Кыргыз футзалчылары Японияны сенсациялуу түрдө утуп алды
Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Таиландда өтүп жаткан Азия кубогунда Япония курамасын жеңип алды.
Тайпалык баскычтын алкагында өткөн бул оюн 3:2 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады. Бул жеңиш менен Кыргыз курамасы тайпадагы алгачкы 3 упайына ээ болду.
Кыргыз курамасынан голдорду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.
Белгилей кетсек, Япония учурдагы Азия чемпиону.
Кыргыз курамасы менен Япония буга чейин 10 жолу беттешкен. Анын 9унда Япония жеңишке жетсе, Кыргызстан бир гана жолу жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.