super.kg logo
  Саясат  

Фарид Ниязов: “Курманбек Бакиевге пенсия чыгаруу маселеси анын өз эрки менен Кыргызстанга кайтып келгенде же экстрадицияланганда чечилиши мүмкүн”

 

Курманбек Бакиевге пенсия чыгаруу маселеси анын өз эрки менен Кыргызстанга кайтып келгенде же экстрадицияланганда чечилиши мүмкүн. Мындай пикирди бүгүн учурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. “Курманбек Бакиев оор кылмышка шектелип экс-президент деген статусунан кол жууган. Андыктан ага пенсия бөлүп берүү маселеси мыйзамдын чегинде каралышы керек”,- деди Фарид Ниязов. Эске салсак, Беларусь президенти Александр Лукашенко 11-декабрда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын журналисттери менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин пенсиясын Беларуска которуп берүүнү кыргыз бийлигинен өтүнгөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: