super.kg logo

УКМК экс-депутат Жолдошбаев мамлекетке келтирген зыянды толук төлөп бергенин маалымдады

 
Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун, тагыраагы, 150 миллион сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 16-апрелде Биринчи Май райондук соту Жолдошбаевдин бөгөт чарасын карап, 19-июнга чейин камакта калтырган.
УКМК 22-февралда "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ага ээлик кылган Жолдошбаев кармалганын маалымдаган.
26-февралда анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-апрелге чейин камакта калтырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: