super.kg logo

Бишкекте токтоп турган унааны айдап качкан шектүү кармалды

 

Бишкекте токтоп турган унааны айдап качканга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде милицияга Н.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 03:40 чамасында белгисиз адам Заводской көчөсүндө токтоп турган Volkswagen GoIf үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автомотокаражатын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына бир айга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: