Бишкекте жарандын 12,8 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Маалыматка ылайык, былтыр 24-мартта милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, А.М. аттуу жаран анын ишеничине кирип, үй салып берем деген шылтоо менен 12 миң 800 долларын алган. Бирок кийин шектүү акчаны өзүнүн кызыкчылыктарына коротуп салганы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал жабырлануучу менен атын өзгөртүп таанышкан.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.