super.kg logo

Өлкөдө жолчулар тарабынан селдин кесепетин жоюу иштери аткарылууда

 

Жолчулар түнү менен селдин кесепетин жоюу иштерин аткарышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият-Майлуу-Суу автожолунун болжол менен 12 жеринде сел жүрүп, кум-шагыл массасы түшүп, каттам жабылып калган, учурда №22 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам бир тараптуу берилди.

Ал эми Бишкек-Ош автожолунун 422 чакырым аралыгында жамгырдын кесепетинен жолго таштар түшүп, каттам бир тараптуу болууда. Тазалоо иштери №30 ЖТИ тарабынан аткарылып жатат.

Мындан тышкары төмөнкү жолдордо да тазалоо иштери жүрүүдө:

- Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн автожолунун 2,5 чакырым бөлүгүндө сел жүрүп, агым массасы жолду жаап калган. Учурда №22 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүрүп, бир тарапттуу каттам бар.

- Базар-Коргон-Арстанбап автожолунун 7 чакырымынан 28 чакырымына чейинки аралыктарда 10 жерде жер-жеринде сел жүрүп, №50 ЖТИ тарабынан тазалоо жүрүп жатат.

- Ош-Сары-Таш-Эркештам авто унаа жолунун 10 чакырымын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

- Куршаб -Жалпак-Таш автоунаа жолунун 5-7 чакырым аралыгында сел жүргөн, учурда автоунаалар үчүн каттам ачылды. Ошондой эле Бишкек -Ош автоунаа жолунун 624-626-чакырымында сел жүрүп, тазалоо жумуштары аткарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: