super.kg logo

Самаркандда 24 жаштагы келин 2 баласы менен чогуу сууга секирди

 

Коңшу Өзбекстандын Самарканд облусундагы Даргом каналынан эки баланын жана алардын апасынын сөөгү табылды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 15-апрелде Самарканд облусунун ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал келинчеги төрт жашар кызы жана бир жаштагы уулу менен үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, издөөгө жардам сураган.

Эртеси эртең менен Тайлак районун аралап өткөн Даргом каналынан эки жашы жете элек баланын сөөгү табылган. Кийинчерээк аялдын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалымат боюнча, Самарканд шаарынын тургуну балдары менен кошо сууга атайын чөгүп каза болгон. Анын мындай ишке баруусуна эмне түрткү болгону азырынча белгисиз.

Бул фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: