Малайзияда эки тик учак сүзүшүп, стадионго кулап түшүштү (видео)
Малайзиянын Лумут шаарында өлкөнүн Королдук деңиз аскерлеринин 90 жылдыгына арналган аба парадынын алдындагы учуп машыгуу учурунда эки тик учак сүзүштү. Малайзиянын Өрт жана куткаруу кызматы эки тик учактагы 10 экипаж мүчөсү каза болгонун билдирди.
Манёвр учурунда кагышкан тик учактардын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учактардын бири спорттук стадиондун тепкичтерине, экинчиси стадиондогу бассейнге кулап түшкөн. Алардын биринде үч, экинчисинде жети экипаж мүчөсү болгон.
Малайзияда эки тик учак сүзүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.