super.kg logo

Орусиянын Оренбург облусуна "Жардам кербени" жетти

 

Орусиянын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, 350 тоннадан турган "Жардам кербени" облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда, Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди.

Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Сергей Рыжов тосуп алды. Андан соң Оренбург шаарынын вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди.

"Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Урал дарыясындагы суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, Оренбург облусунда 29 миңден ашуун турак жайды, 19 миң 556 короо жайды суу каптап, аймактардан 17 миңден ашуун эл эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли акырындык менен тартылганы менен, 12 миң 202 турак үйдү суу каптап турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн 2576 кызматкер 619 техниканын жардамы менен иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: