Бишкекте карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар 5100дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, карызы бар абоненттердин электр жарыгы эртең, 25-апрелден баштап өчүрүлө баштайт.
Мекеме ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарды электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Белгилей өтсөк, абоненттер өз эсебин 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 00 12 09 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.