super.kg logo

Путинге маалымат жетти. Орусиянын Коргоо министринин орун басары кармалды

 

Кечээ, 23-апрелде Орусиянын Коргоо министринин орун басары Тимур Иванов ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети Телеграм каналында билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрдин орун басары Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 290-беренесинин 6-бөлүгү - "Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" боюнча айыпталууда. Бул берене боюнча эң жогорку жаза 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ивановдун кармалышы курулуш келишимдерин ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Белгиленгендей, тергөө иштери коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын камакка алууну талап кылат.

Аны менен бирге коррупциялык иш боюнча акча которууга катышкан дагы бир нече адам кармалганын орусиялык басылмалар жазышты.

Өз кезегинде Владимир Путинге Тимур Ивановдун кармалгандыгы тууралуу маалымат жеткирилгенин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: