super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире акысы жогорулабайт

 

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча кырдаалды түшүндүрдү.

Кечээ, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Абакиров "бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?" деген суроо берди.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын белгиледи.

"Андай учурда тарифти көтөрүү керек, эгер тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болот",- деп кошумчалады Байгончоков.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомолдор болгон.

Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишин туура башкарууга жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: