super.kg logo

"Манас" университетинде Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү белгиленди

 

Кечээ, 23-апрелде Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгы Ататүрк сейил багында белгиленди.

Ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилери жана өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан жана профессордук-окутуучулук курам, мектеп мугалимдери, окуучулар жана уюмдардын жетекчилери катышып, Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюшту.

Элчи иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: “Улуттук эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы түптөлүп жаткан мезгилде түрк элинин бардык курактагы адамдары биримдик жана ынтымакта талыкпай күрөштү”, - деп түрк элинин көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшү улантылып жатканын билдирди.

Андан соң Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Манас” университетине келишип, окуу жай менен таанышып чыгышты.

Жолугушуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан балдар менен биргеликте аталган университеттин социалдык курулуштар имаратында тамактанып, Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнүн кубанычына ортоктош болду.

Салтанаттуу иш-чара №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясында уланды. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан окуу бөлмөлөрүн кыдырып, окуучуларга белектерди тартуулады. Ал өз сөзүндө балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаровдун бул жааттагы сунушуна токтолду жана жаштардын өз эне тилинде сүйлөө зарылчылыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: