Май майрамдарына карата Калкты тейлөө борборлорунун графиги

"Майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүүнү сунуштайбыз", - дешти министрликтен.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Калкты тейлөө борборлорунун жана Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:
- 6-7-8-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин,
- 10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Ошондой эле Бишкектеги 2 кичи калкты тейлөө борборлорунда ID жана жалпы жарандык паспортторду алса болот.
Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын даректери:
- “Глобус-ЖЭБ” кичи КТБсы, Чүй проспектиси, ЖЭБдин маңдайында.
- “Азия” кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).
Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын иштөө графиги:
- 3, 4, 7, 8, 10, 11, 12 май - иш күндөрү, 10:00дөн 19:00гө (түшкү тыныгуу 14:00-15:00) чейин;
- 4-май - иш күнү, саат 10:00 дөн 18:00 гө чейин;
Ал эми 1, 2, 5, 6, 9-май дем алыш күндөрү болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.