super.kg logo

Милиция Чолпон-Атада каза болгон 2 индиялык жаран боюнча маалымат берди

 

Чолпон-Атада Индиянын 2 жараны көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.

21-апрелде милицияга окуя боюнча маалымат келип түшкөн. Анда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу борборунда болжол менен саат 13:00 чамасында 2 индиялык киши көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткендиги кабарланган.

Жерине барган милиция кызматкерлери каза болгондор Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индия мамлекетинин жарандары 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. экенин аныкташкан. Алар көлдүн жээгине эс алууга келип, пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкен.

"Каза болгон жарандар менен бирге эс алууга келген, ошондой эле чогуу окуган Индия мамлекетинин жарандары күбө катары суралып, алар да жердештери көлгө пирстен секирип, чөгүп кетишкенин маалымдашкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя Ысык-Көл РИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин ӨКМ Чолпон-Атада көлгө чөгүп каза болгон 2 киши болжолдуу Индиянын жарандары экенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: