Бишкекте 20 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Токтогулова Диана Талантбековна изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга Р.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 07:30дар чамасында 2004-жылы туулган кызы Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин айткан.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, кашы калың, чачы узун.
Кийген кийими: жакалуу кара свитер, боз түстөгү жинсы, ак кроссовка.
Милиция Диана Токтогулованы көргөндөр болсо төмөнкү байланыш номурларына кабарлап коюуну өтүнөт: (704) 103-102, 0 (557) 11-94-10, 0 (312) 43-28-15 жана 102 кыска номуруна.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.