super.kg logo

"Эки үй жараксыз абалга келген". Жогорку Кеңеште сел боюнча маалымат берилип жатат 

 

Республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов парламенттин бүгүн, 25-апрелдеги жыйынында билдирди.

Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда 18;
  • Баткен облусунда 10;
  • Талас облусунда 4;
  • Чүй облусунда 4;
  • Ош шаарында 2;
  • Ош облусунда 29 жерде сел катталган.

"Сел кырсыктары 1092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөсүнө сел кирген. Алдын ала тактоолор боюнча 253 турак үй каанаттандырарлык абалды. 9 турак үй капиталдык оңдоону талап кылат. 2 турак үй жараксыз абалга келген. 7 социалдык объектини сел каптаган. Анын ичинен 1 объект жараксыз абалга келген. Мындан 300 кожолук эвакуацияланып, 14 жандык (7 жылкы, 3 ири мүйүздүү мал, 7 кой) селге аккан.

Азыркы учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп, материалдык чыгымдарды тактап жатышат", - деп билдирди Шамырканов.

Эске салсак, кечээ, 24-апрелде Сузак районуна, 23-апрелде Талас районуна, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген.






25.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: