Кыргыз жана казак мушкерлери мейманканада мушташып кетишти (видео)
Коңшу казакстандык мушкер Ануарбек Бекембетов кыргыз мушкери Марсель Нурланбеков менен беттештин алдында жаңжалдаша кетти.
38 жаштагы казакстандык мушкер социалдык тармактардагы оозеки жаңжалдан кийин атаандашы жайгашкан мейманканага келген. Тактап айтканда, Бекембетов Нурланбековду "коркок" деп айыптап, кыргыз мушкери мушташуудан качып жатканын билдирген.
Өз кезегинде 26 жаштагы кыргыз мушкери атаандашы көп сүйлөп жатканын айтып, аны мейманканасына сүйлөшүүгө чакырган.
Мейманканага барган соң казак мушкери менен кыргыз мушкери жаңжалдаша кетишкен.
Эки мушкер эртең, 26-апрелде Алматыда өтө турган "NAIZA 59" турниринде беттешет.
Кыргыз жана казак мушкерлери мейманканада мушташып кетишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.