super.kg logo

Тик учак кырсыгында жаракат алган аскер Түркиядан келди

 

Аскердик тик учак кырсыгында жабыркаган аскер учкучу Түркияда ооруканадан чыгарылып, өлкөгө кайтып келди. Бул маалыматты бүгүн, 25-апрелде Тышкы иштер министрлиги таратты.

Жабыркаган аскер Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган Кыргызстандын дагы үч жараны менен бирге Адана шаарында (Түркия) узак мөөнөткө дарыланып, түрк дарыгерлеринин сунушу менен ооруканадан чыгарылган.

"Ал Кыргызстанда организмин толук калыбына келтирүү үчүн реабилитациялык курстан өтөт. Калган жабыркаган жарандардын ден соолугу жакшырып, жакын арада үйлөрүнө чыгарылат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, 3-февралда Бишкек ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлгөн.

Маалымат үчүн: 17-январда Достук айылына жакын жерде 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.

Ал эми 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: