super.kg logo

Азербайжанда Кыргызстандын “Улуттун кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрү” аттуу көргөзмөсү ачылды

 

Азербайжандын Баку шаарынын Гейдар Алиев борборунда Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин “Улуттун кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрү” аталышындагы фотодокументалдык жана баалуу экспонаттардан түзүлгѳн кѳргѳзмѳсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Маданият министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде өттү.

"Өлкө башчысынын иш-сапарынын жана Маданият күндөрүнүн алкагында, Азербайжан интеллигенциясына жана маданий коомчулугуна көрсөтүлгөн Улуттук музейдин уникалдуу коллекциялары бир тууган элдин ачык суктануусун, кыргыз тарыхына болгон терең кызыгуусун жаратты", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, улуттук көөнөргүс дөөлөттөр менен эки өлкөнүн Маданият министрлери таанышып, жогору баасын жана ыраазычылын билдиришти.

Белгилей кетсек, байыркы жана бай коллекциялар топтому менен түзүлгөн музей көргөзмөсү, түрк дүйнөсүнүн жана эки элдин маданий кызматташтыгын жандандырууга , арттырууга түрткү берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: