super.kg logo

Кыргызстан Кытайга кайсы айыл чарба продукцияларын экспорттойт?

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандан Кытайга экспортко чыгарууга мүмкүн болгон айыл чарба продукцияларын атады. Алар:

- Буудай уну;
- Алча;
- Коон;
- Жүгөрү;
- Жүзүм;
- Буурчак.

Мындан тышкары кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын CIFER сайтына катталуу менен экспортко чыгарууга уруксат берилет. Ал үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

- Департаменттин атына арыз (өтүнмө)
- Логин, пароль ачуу
- Логин, пароль менен керектүү документтерди киргизүү
- КЭР тарап уруксат бергенден кийин экспортко чыгара алат.

Бүгүнкү күндө КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын сайтында Кыргызстандын 42 алча, 10 коон өстүрүлүүчү жана 12 жер-жемиштерди сактоочу жерлер реестрге киргизилген.

Эскерте кетсек, ар бир өсүмдүк продукциясынын тобокелдигине жараша кытай тараптын талаптары бирдей эмес. Өсүмдүктүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен бирге биринчи экспортко чыгарып жаткан өндүрүүчүлөрдүн продукциясын кытай тарап комплекстүү текшерүү жүргүзөт.

Маалымат үчүн: Кытайга төмөнкү багыттар боюнча мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу менен алектенген Кыргызстандын 26 ишканасынын экспорттоого укугу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: