super.kg logo

Текебаев баштаган делегация Ландсберг шаарындагы CLAAS компаниясына барды

 

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баштаган Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, "Айыл Банк" ААКсынын, РСК Банктын, "МТС К.О. Стандарт Агросервис" ЖЧКсынын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясы Ландсберг шаарындагы "CLAAS Gebrauchtmaschinenzentrum" колдонулган айыл чарба техникасын сатуу борборуна барды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө CLAAS колдонулган техникасын сатуу департаментинин башчысы Хубертус Кюстерс айыл чарба техникаларын сатып алуунун шарттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын делегациясы менен CLAAS компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы техникага караганда 20-40 пайызга арзан айыл чарба техникаларын Кыргызстанга жеткирүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ошол эле учурда, тейлөөдөн өткөн колдонулган техниканын сапаты бардык CLAAS стандарттарына жооп берет.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын өкүлдөрү менен CLAAS компаниясынын ортосунда кошумча консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: