super.kg logo

Ички иштер министри шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендер жазаланарын эскертти

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ош жана Баткен облустарында бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолорду өткөрүү учурунда мыйзам бузууларга жол бербөөнү эскертти. Бул тууралуу ал 26-апрелде министриликтин жыйынында айтты.

Ниязбеков өз сөзүндө коомдук тартип жогорку деңгээлде сакталышы керектигин белгиледи.

"Шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, бир дагы аймакта мыйзам бузуу же одоно тартип бузууларды болтурбоону тапшырам. ИИМдин тиешелүү бөлүм, кызматтары тыгыз иш алып барыңыздар. Шайлоочуларды ташуу, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо эрежесин бузуу сыяктуу элдин кыжырын келтирген фактылар алдын алынсын. Айрыкча добуш сатып алууга катуу бөгөт коюлсун.

Эгерде шайлоого байланыштуу мыйзам же тартип бузуулар орун алып, коомчулук арасында талкуу жараткан окуялар каттала турган болсо, алдын алуу жумуштарын жүргүзө албаган жетекчилерге жана кызматкерлерге катуу тартиптик чаралар көрүлө турганын эскертем. Бир дагы жетекчи же кызматкер саясатка аралашпасын. Жергиликтүү жетекчилер бул тапшырманы катуу көзөмөлгө алып, шайлоону мыйзам бузуусуз өткөрүүнү уюштуруңуздар”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: