Бишкек мэриясы шаар тургундары талкаланган жолдорду сүрөт-видеого тартып жөнөтсө болорун билдирди

Маалыматка ылайык, көчөлөрдөгү абал тууралуу, тактап айтканда, талкаланган, чөгүп кеткен, аң-чөнөк пайда болгон тилкелер тууралуу сүрөт жана видеолорду ыкчам байланыш номурларына жиберсеңиздер болот.
Транспорт, жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин шаардагы төрт районго жооптуу кызматкерлери маалыматты иргеп чыгышат. Андан соң райондук администрациялар "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен бирге жолдун талкаланган жерин оңдошот.
Байланыш номерлери:
Калаа бийлиги жиберген ар бир кайрылуу караларын жана кемчиликти жоюу боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилерин убадалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.