Бир мандаттуу үч шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтүүдө
Бүгүн, 28-апрелде саат 08:00дөн тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдирди.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, добуш берүү үчүн үч шайлоо округ боюнча 198 шайлоо тилкеси ачылды.
Акыркы тизмеде шайлоочулардын жалпы саны 349 миң 798 адамды түздү, анын ичинен:
- №2 Баткен шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны – 112 миң 379.
- №7 Ош шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 миң 386.
- №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 миң 33.
Маалыматка ылайык, үч шайлоо округунан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен:
- №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан – 10;
- №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан – 13 талапкер, анын ичинен бирөө аял;
- №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан – 7.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.