Ырчы Мерген Турган Германияда жеке концертин берди
Белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган Германиянын Кёльн шаарында жеке концертин берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына концерт учурундагы сүрөт, видеолор менен бөлүшүп билдирүү калтырган.
"Достор! Ошентип көптөн күткөн, бир топ тыныгуудан кийин Германиянын Кёльндагы жеке концертим ийгиликтүү аяктады. Буюрса, жаңы ырларымды элиме тартуу кылдым. Кудайыма миң ирет шүгүр кылам. Кийинки жеке концерттеримде аман-эсен көрүшөлү", - деген ал.
Ал эми Германияда өткөн концертке ырчы Каныкей, алып баруучу Назира Айтбековалар катышкан.
Белгилей кетсек, Мерген Турган учурда Германия шаарында жашап жатат. Ал мындан 5 жыл мурда көчүп кеткен эле.
Ырчы Мерген Турган Германияда жеке концертин берди
Ырчы Мерген Турган Германияда жеке концертин берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.