Транспорт министрлиги Ала-Бел ашуусундагы таштандылар тууралуу билдирүү таратты (видео)
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бардык аймактардагы лотокторду тазалоо, жол четин тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу менен жол жээгине ыргытылган таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде аталган министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, социалдык тармакта тарап жаткан видео тасмада көрсөтүлгөн Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусу учурда №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланып, таштанды челектер орнотулуп жатат.
"Мындан улам айдоочу жана жүргүнчүлөрдү өйдө-төмөн өткөндө жол жээгине таштанды ыргытпоого чакырабыз", - деп чакыруу жасады министрликтен.
Тазаланган жер эмес, Булганбаган жер таза!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.