1-класска электрондук каттоо: Өлкөдөгү облустар боюнча бош орундардын тизмеси

Маалыматка ылайык, электрондук каттоонун биринчи этабы 8-апрелде башталган болчу.
Аймактар боюнча катталган балдардын саны:
- Ысык- Көл облусу 5547 (жалпы квота – 13 миң 821)
- Жалал-Абад облусу 11443 (жалпы квота – 34 миң 778)
- Нарын облусу 3709 (жалпы квота – 7 миң 741)
- Баткен облусу 6979 (жалпы квота – 16 миң 190)
- Ош облусу 11550 (жалпы квота – 35 миң 785)
- Талас облусу 3257 (жалпы квота – 6 миң 957)
- Чүй облусу 8839 (жалпы квота – 31 миң 474)
- Бишкек шаары 5957 (жалпы квота – 17 миң 908)
- Ош шаары 1799 (жалпы квота – 11 миң 233)
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
- №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
- №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
- №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Белгилей кетсек, ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат. Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Министрлик электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керектигин эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.