super.kg logo

Бишкекте "Ы" тамгасынын эстелиги пайда болду

 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Ы тамгасы" арт-объектиси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, эстелик шаар күнүнө арналып, "Российская газета" жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен тургузулду.

“Ы тамгасы” дүйнөдөгү алгачкы жана жалгыз арт-объект. Ал QR-код менен жабдылып, паркка келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде, тагыраагы, кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызча-орусча сөздүктө Ы тамгасы катышкан 600дөн ашык сөз бар. Тилде бул тамганын болушу менен "кыргыз", "кыргыз эли", "Кыргызстан" сыяктуу бренддер таанылып, кабыл алынып келет.

Иш-чара борбор калаа башчысынын орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевдин, “Российская газета” Борбордук азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашковдун катышуусунда өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: