Быйыл өлкөдө кызамык оорусунан эки ымыркай каза болду
Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусу эки наристенин өмүрүн алды. Мындай маалыматты Республикалык иммунопрофилактика борборунан тастыктады.
Ага ылайык, ымыркайлар бир жашка чыга элек болгондуктан эмдөө алышкан эмес.
Буга чейин маалымдалгандай, былтыр республикада кызамыктын 7046 учуру, быйылкы жылдын 7-апрелине карата 8209 учуру катталган. Алардын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түзөт.
Былтыр кызамыктан 1 жаштан 18 жашка чейин 8 бала чарчап калып, алардын бирөөсү беш айлык бир наристе болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигине балдарды кызамыкка каршы эмдөө жана оорунун алдын алуу боюнча ишти күчөтүү тапшырылганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.