super.kg logo

Баткендеги Ак-Суу каналы курулса 100гө жакын гектар жер өздөштүрүлөт

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу каналынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, 2500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүткөрүлсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголот. Мындан сырткары кошумча 95 гектар жер аянты өздөштүрүлмөкчү. Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы башталып, техникалар иштеп жатат.

Ага ылайык, министр Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндөгү авариялык абалда турган имаратты көрүп чыгып, шаар мэри Болот Абдыжапаровго имаратты куруу демилгесин көтөрүү жана башка тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды берди.

Андан аркы жолугушуу Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы взводунда болуп, куткаруучулардын иштөө шарты жана техникалык каражаттары менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: