super.kg logo

Тажик мигранттарына байланыштуу Душанбе Орусияга нота тапшырды

 

Коңшу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Семён Григорьевди чакырып, ага нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Тажикстандын дипломатиялык бөлүмү билдирген.

Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 29-апрелде Орусиянын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьевге Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын тапшырган. Нотанын текстинде “бул иш-аракет Тажикстандын жарандарына гана колдонулуп жатат, бул тажик-орус мамилесине туура келбейт” деп белгиленет.

26-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми Орусиянын элчиси Семён Григорьевге тажикстандыктардын Орусиядагы кырдаалына тынчсыздануусун билдирген. Кийинчерээк министрлик жарандарына Орусияга баруудан баш тартууну сунуштаган.

25-апрелде Тажикстандын "Азия-Плюс" басылмасы 22-апрелден бери Оренбург облусундагы казак-орус чек арасында 180дей тажик номурлуу унаа кезекте турганын, башка унаалар өткөрүлүп жатканын жазып чыккан. Анда Тажикстандын жарандарынын телефондорунан бери текшерилип жатканы айтылган.

Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова текшерүүлөрдү "Crocus City Hall" соода борборундагы теракттан кийин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда анын айтымында, текшерүүлөр бардык жарандарга тиешелүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: