"Ичинде 61 800 сом болгон". Лейлекте милициянын майору жоголгон сумканын ээсин тапты
Жоголгон сумкадагы акча толук өз ээсине тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү таңкы саат 06:00дө милицияга телефон чалуу болуп, анда жолдун четинде жаткан сумка тууралуу маалымат берилген. Айтылган дарекке барган милициясынын майору Зулпидин Аширов сумканын ичинде 61 миң 800 сом бар экендигин байкап, сумканын ээсин аныктоо иштерин жүргүзгөн.
"Жыйынтыгында сумканын ээси Раззаков шаарынын тургуну болуп чыкты. Ал Ош шаарына жөнөп жатып, сумкасын жолдо түшүрүп койгондугу такстыкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта сумканын ээси милиция кызматкеринин бул эмгегине ыраазы болуп, батасын бергени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.