super.kg logo

Кара-Жыгачтагы жубайлардын чыры: "Мурда кетсем сабап алып келип алчу, эми жашабайм" дейт токмоктолгон келин

 

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши аялды унааны айлантып кууп, андан кийин кармап алып урганы тартылган видео тараган. Видеодон кийин эле Октябрь РИИБи аялын сабоого шектелген жаран кармалганын билдирген.

SUPER.KG порталы дал ошол келин менен маектешти. Эми жолдошу менен жашабай турганын айткан ал ошол күндү айтып берди.

"19-апрель күнү балам экөөбүз үйдө отурганбыз, күйөөм такси кызматында иштейт, ал жумушта болчу. Ал мага "тамак жаса" деген. Мен баланы уктатып коюп баштайын деп жаткам. Анан эле тамак жасайын деп жатсам таякесине жабыштырып кызгана берчү, "ошонукуна алып барып таштайм, кетесиңби же каласыңбы?" деди. Ачуум менен "кетем" десем, "эмнеге кетесиң" деп тепкилеп баштады. Ызы-чуу ошондон чыкты. Эшикке алып чыгып алып сабап жатканда кошуналар чыгып калды", - деди ал.

Ал ошондой эле жолдошу мурда дагы кол көтөрүп келгенин, интернетке тараган сабалган сүрөт төрт ай мурда эле тартылганын айтты.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: