super.kg logo

ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата коллекциялык монета жүгүртүүгө киргизилди

 

Бүгүн, 30-апрелде Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган монета өлкөдө расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

"Коллекциялык монетанын алдыңкы бетинде ЕАЭБдин расмий эмблемасы, эмблеманы тегерете ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери, ошондой эле өнүгүү динамикасын билдирген элементтер чагылдырылган. Монетанын сол жагында ЕАЭБдин юбилейлик датасы — "10 жыл" деген жазуу бар. Жээгинде "Евразия экономикалык бирлиги" деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан, ал эми оң жагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук орнаменттери, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (31,10 g) көрсөтүлгөн. Жогору жана төмөн жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуу, ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), сомдун графикалык белгиси (С) жана чыгарылган жылы (2024) чагылдырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 29-майда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот. Азыркы учурда уюмдун мүчөлөрүнө Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: