Бишкекте бир катар курулуш объектилери жабылды






Бишкекте айрым курулуш компанияларына таандык объектилерде курулуш иштери муниципалдык инспекция тарабынан берилген көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, төмөнкү курулуш компаниялардын иши токтотулду:
- Будён көчөсү, 164 дарегиндеги "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы;
- Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги "Эмаком” ЖЧКсы;
- Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги “О2 Development” ЖЧКсы;
- Ауэзов көчөсү, 5/2 дарегиндеги "МакроГрупп" ЖЧКсы;
- Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги "Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы;
Мындай чечим комиссиялык рейддин жүрүшүндө чыгарылган. Ал эми иши токтогон курулуш объектилери дөңгөлөк пунктун толук орноткондон кийин гана иштей баштайт.
"Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы атайын пункттарды орнотуу боюнча иштерин жүргүзүүдө.
"Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларына бир жумалык мөөнөткө курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жууп тазалоо жабдууларды жана пункттарды орнотуу боюнча инспекторлор тарабынан 61 жазма буйрук берилген. Дөңгөлөк пунктун ишке киргизүү мөөнөтү 29-апрелде аяктаган", - деп айтылат маалыматта.

