super.kg logo

Ысык-Көлдө авариялык калыбына келтирүү, селден коргоочу курулмалар көзөмөлдөнүүдө

 

ӨКМдин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көлдөгү сел сууларынан коргоочу бир катар курулмалардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, ал Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун кыдырып авариялык калыбына-келтирүү жана атайын алдын алуу жана кырдаалдын кесепеттерин жоюу иш мерчеминин алкагында курулуучу объектилерди көрүп чыкты.

Ага ылайык, Түп районунун Каркыра айыл аймагындагы ӨКМдин Капиталдык курулуш департаменти тарабынан курулуп жаткан селден коргоочу каналдардын абалынан кабар алып, тиешелүү тапшырмаларын берди.

"Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын Чаар-Кудук коктусунан агып келчү сел сууларын тосуучу жана сел өткөрүүчү каналынын жаз-жай мезгилине даярдыгы жана суучулдар кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында алынган суу алдына түшүүчү жаңы шаймандардын, суучулдардын күжүрмөн жана кесиптик даярдыгы менен таанышты. Эделбек Кулматов алдыдагы жайкы мезгилде адам өмүрүн сактоого жана куткаруу иштерине күжүрмөн даярдыкта туруу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: