Улуттук банк адистерди жумушка чакырат

Маалымдалгандай, иш издегендер документтерин 13-май күнү саат 17:00гө чейин тапшырса болот.
"Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси жана ушул эле башкармалыктын протокол тобунун адисине бош жумуш орундары бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Сынакка катышуу үчүн толук маалыматты www.nbkr.kg сайтынан ала аласыз. Суроолор боюнча Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө же (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондоруна кайрылууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.