super.kg logo

Тергөө абагында баңгизат саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Тергөө абагында баңгизат саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын мекемесинде камактагылардын бири, камакка алынгандардын арасында баңгизатын сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мекемеде баңгизаттарды туруктуу таратуу каналы түзүлүп, 19 түрмөк (сверток) сатылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 19 түрмөктөгү заттар кара куурайдын чайыры (гашиш) экени аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде, Чүй облусунун 1989-жылы туулган тургуну криминалдык иерархияда "положенец" деген макамга ээ болгон Ч.Ш.Д. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле бул кылмышка шектелип Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 2002-жылы туулган тургуну К.Р., Ысык-Көл облусунун 2000-жылы туулган тургуну Ы.Ы., Чүй облусунун 1999-жылы туулган тургуну Д.В. аттуу жарандар кармалган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: