super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. 60 батирлүү турак жайдын ачылышы болуп, үч эм төрөгөн эки энеге батир берилди

 

Бүгүн, 12-декабрь күнү Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын май-июнь окуяларында курман болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында курулган 60 батирлүү турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын директору Жусупжан Жээнбеков, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов, анын 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева, шаар мэри Бакыт Адылов жана Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов катышты. Ошондой эле Аксы районунан келген эки эгиз жана үч эм балдардын апасы, баатыр эне Нурзада Хаджибаевага жана дагы бир үч эм балалуу эне Айнура Момункуловага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов Жаңы жыл алдында үч эмдин үй-бүлөсүнө 10 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам бериле турганын убада кылды. Белгилей кетсек, бул 60 батирлүү үйдүн жыйырмасы 1 бөлмөлүү, жыйырмасы 2 бөлмөлүү, калган жыйырмасы 3 бөлмөлүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: