Бишкекте жөө адамдар өтүүчү диогналдуу чийиндер пайда болду (видео)
Бишкекте биринчи жолу жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер пайда болду. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чийиндер Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМ менен ГУМдун ортосу) түшүрүлгөн.
"Мындай диагоналдуу чийиндин өзгөчөлүгү - жөө адамдар көп болуп кеткенде автоунаалар убактылуу токтотулуп, эл бардык багыт боюнча өтө берет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия жакын арада диогналдуу чийиндерди Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишине түшүрүү пландалып жатканын кошумчалады.
01.05.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.