Дарыгер Бекбоев: "Психосоматика ооруларын комплекстүү дарылоо кажет" (видео)
Психосоматика бул жан дүйнө жабыркагандан пайда болгон ички органдардын оорусу. Бул тууралуу доктор Темирбек Бекбоев SUPER.KG порталына маек берип жатып билдирди.
Дарыгер жан дүйнө чыңалуусу көптөгөн ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн айтып, дарылануу жолдорун түшүндүрүп берди.
"Бизге психосоматика менен келип калышат. Психо - жан дүйнө деген сөз. Соматика деген ички органдар. Жан дүйнө жабыркагандан пайда болгон ички органдардын оорусу. Биз билебиз да капа болгондо кан басым көтөрүлүп кетет. Жүрөк ооруп, дүкүлдөп кетет. Ашказан оору. Ушулар психосоматика.
Азыркы кезде психосоматикага көңүл буруп калышты. Себеби биз нервден чыккан ооруларга көңүл буруп калдык. Илгери эле айтчубуз, кээ бир ички органдардын оорулары нервден болот деп. Эмнеден пайда болоруна токтолсок - муну писихологиялык травма дейбиз. Эми бул адамдардын бири-бирине кылган мамилесинен да. Мисалы, үй-бүлөдөгү чыр-чатак, кайнене менен келиндин, ата-эне менен баланын ортосунда мамиле, түшүнбөстүк", - деди дарыгер.
Толугу менен видеодон көрүңүз.

