super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлери аргымактар менен коомдук коопсуздукту камсыздоодо (видео)

 

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкекте аргымактар менен коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, атчандар взводу борбор калаадагы коомдук жайларда, сейил бактарда, көлмөлөрдө, автоунаалар каттабаган адамдар чогулуучу аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарга ар тараптан жардам берип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп келишүүдө.

Мындан сырткары бул кызматтык аттар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жана "Ак-Кула" ат майданында ар кандай иш-чараларда колдонулуп келүүдө.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин атчандар взводу 1990-жылы 10-июлда түптөлгөн. Аргымактардын аты-жөнү жана кызмат өтөгөн жылы көрсөтүлгөн атайын документтери бар. Аталган документте жылкынын толук дарылануусу, ветеринардык текшерүү даталары жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: