Кочкордо өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш башталды







Бүгүн, 1-майда Кочкор районунда “Мен чемпион” аттуу балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында республикалык мелдештер старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземге дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Департаментке караштуу облустук башкармалыктардын жана спорттук мектептердин кызматкерлери катышты.
Дене тарбия жана спорт департаменти аталган мелдешке республиканын аймактарынан келген 1200дөн ашык спортчу катышып жатканын маалымдады.
Беттештер спорттун 12 түрүнөн Нарын облусунун 4 районунда жана Нарын шаарында өтөт:
- Бокс жана жеңил атлетика боюнча мелдештер Кочкор айылында (2-6-май);
- Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер Жумгал районунун Чаек айылында (2-3-май);
- Дзюдо менен тогуз коргоол боюнча мелдештер Ат-Башы айылында (2-3-май);
- Грек-рим күрөшү жана стол тенниси боюнча мелдештер Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылында (2-3-май).
- Кыргыз күрөш, эркин күрөш, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча беттештер Нарын шаарында (2-5-май).
Белгилей кетсек, мелдештин жалпы байге фонду 2,5 миллион сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.