Нарында облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсеси ачылды








Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын иш кеңсеси Нарын шаарында ачылды. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти.
Малымдалгандай, 30 орундуу жатакана, ашкана, машыгуу залы, жыйындар залы жана башка баардык тийиштүү шарттары каралган кеңсе облустун спорт тармагын өнүктүрүү максатындагы иш-аракеттердин алкагында салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.
"Имараттын ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдраим уулу, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, "Мен - чемпионмун" республикалык мелдешинин катышуучулары, спорт ардагерлери, тармак жетекчилери катышышты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.