super.kg logo

"Акылман" президенттик лицейине кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

 

2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул боюнча маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Тандоого өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмундарында 6-класста жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат.

Быйыл лицейге жалпы 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу кабыл алынса, 8-класстар арасында 48 окуучу кабыл алынат.

Конкурстук тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

6-класстардын окуучулары үчүн: 10-майга чейин телеграм тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда каттоодон өз алдынча өтүү.

1-тур

11-майдан 16-майга чейин болот. Онлайн тестирлөө.

2-тур

20-майдан 24-майга чейин өтөт. 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50 пайыз окуучулар үчүн онлайн тестирлөө.

3-тур

27-майдан 2-июнга чейин болот. 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30 пайыз окуучулар үчүн офлайн тестирлөө.

8-класстардын окуучулары үчүн: 15-майдан 25-майына чейин телеграм тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда каттоодон өз алдынча өтүү.

1-тур

1-июндан 6-июнга чейин созулат. Онлайн тестирлөө.

2-тур

10-июндан 14-июнга чейин өтөт. 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50 пайыз окуучулар үчүн онлайн тестирлөө.

3-тур

18-июндан 22-июнга чейин созулат. 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30 пайыз окуучулар үчүн офлайн тестирлөө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: