super.kg logo

Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды 

 

Бүгүн, 2-майда сатирик жана фельетончу, Кыргыз Эл акыны Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган замандаштары, калемдештери, маданият өкүлдөрү, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

"Эдиль Байсалов коштошуу сөзүндө, Жолочу Рысбаев кыргыз элинин улуттук адабиятынын, маданиятынын, көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө, руханий байлыкты арттырууга зор салым кошконун белгилеп, анын чыгармалары, курч сатиралары, обондуу ырлары, теле-радиого даярдаган берүүлөрү кыргыз казынасынын кенчи болуп сакталса, өзүнүн элеси жүрөктөрдө бекем сакталарын айтып, үй-бүлөсүнө жакындарынын аза кайгысын тең бөлүштү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал тууралуу замандаштары, калемдештери жана маданият өкүлдөрү жакшы сөздөрүн айтып эскеришти.

Белгилей кетсек, 30-апрелде Жолочу Рысбаев 75 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: