ИИМ Сузактагы окуя боюнча билдирүү таратты
Сузактагы окуядан кийин Портердин айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, айдоочунун кыймыл-аракетинин мыйзамдуулугу каралат.
ИИМ жетекчилиги Сузактагы окуя боюнча жеринен көзөмөлдөө үчүн кеткени маалымдалды.
Бүгүн, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 29 бала жабыр тартканы маалымдалган. Жалал-Абад ОИИБи окуя Сузактын Катмы жайлоосунда болгонун, ага 3 миң окуучу катышканын билдирген. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан кийин 31 окуучу райондун аймагындагы ооруканаларга кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

03.05.2024. 05:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзү бизде Кыргызда эскилиги жеткен унааларды Мамлекеттик Авто Инспекция жылдык кароодон текшерип өткөрүшпөйт,
эптеп төрт дөңгөлөгү айланса болду,
техникаларды иреттеп тартипке салган адам жок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.