super.kg logo
  Саясат  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүрдөгү 19 аскер кызматчысы үйлүү болушту

 
Мындай жагымдуу маалыматты бүгүн, 21-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, кечээ, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №2-издөө-куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери үчүн 19 батирлүү жатакана бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты. Ал өз сөзүндө^ “Муну менен, биринчиден, сиздердин жашоо шартка болгон башкы муктаждыктарыңыздардын бирин чечсек, экинчиден, бюджеттин бир топ акчасын үнөмдөп калабыз. Себеби аскер кызматкеринин статусу боюнча Бишкекте үйү жок жашап-иштегендерге мамлекет тарабынан ай сайын 4500 сом, ал эми облустук деңгээлдеги же дегеле Бишкектен башка жерде жашап-иштеген үйү жок аскерлердин ар бирине 3700 сомдон мамлекет тарабынан төлөнүп берилчү”,- деди.

Ошондой эле мындай жумуштар улана бере тургандыгына да токтолуп, Чүй облусунун Садовое айылына да ӨКМнын куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун базасында офицерлер үчүн 18 батирлүү кызматтык үйлөрдү куруп, сентябрь айына бүтүрүп берүү каралып жатканын айтты. Андан сырткары Ош шаарынын Жапалак айылында да 6 батирлүү үйдү бүтүрүүгө аракеттер көрүлүп, быйыл үлгүрбөй калгандыгын билдирди. Буюрса, келерки жылы бүтүрүп, ачкычтарын ээлерине тапшырууга министр убадасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: